АССОЦИАЦИЯ ЖОНУНДО
Кылмыш-жазык жараянында адам укуктарын коргоо боюнча «ARTICLE9» бирикмеси – бул эркиндик жана жеке кол тийбестик укугун алга сүрөө үчүн укук коргоо уюмдарынын, эксперттердин жана талдоочулардын аянтчасы.
Бирикме, кылмыш-жазык жараяндын жана сот өндүрүшүнүн адам укуктарын жана эркиндиктерин бузуу коркунучу бар болгон жагдайларга өзгөчө көңүл бурат. Алардын ичинде – колго түшүрүүнүн мыйзамдуулугу, негизи жана тартиби; медициналык карап текшерүү; натыйжалуу укуктук жардамга жетишүү; кыйноолордон/катаал мамиледен эркин болуу; баш коргоо чарасын жана ага атаандаш иш-чараларды тандоо маселелери; жараяндык мөөнөттөрдү сактоо; эркинен ажыратуу жайларында адам укуктарынын сакталышына жана ал жерлердеги күтүү шарттарына жарандык байкоо жүргүзүү; даттануунун натыйжалуу жол-жоболору жана аларды натыйжалуу тергөө; адилеттүү сотко кол жетээр болушу; кенемте төлөө, беделин калыбына келтирип актоо (реабилитация).
Асыл-нарктар:
1. Адамдын кадыр-баркынын бөлүнбөстүгүн жана артыкчылыгын таануу;
2. Адамдын укуктары менен эркиндиктеринин жалпыга бирдей экендигин жана мыйзам алдында баары тең укуктуу экендигин таануу;
3. Мамлекеттин саяасатында дагы, коомдук жана инсандык өз ара мамилелерде да кемсинтүүнүн эч кандай түрлөрүнө жол берилбестиги;
4. Мамлекеттин коом жана жаран алдында жооп берүүгө милдеттүү каадасын таануу.
Көрө билүү — ар бир кишиге коопсуздуктун, адилеттиктин жана мыйзамдуулуктун кепилдигин камсыз кылган кылмыш-жазык сот өндүрүшүнүн натыйжалуу түзүмү уюштурулган. Адам укуктары менен эркиндиктерин бузуу тобокелдиги төмөндөтүлүп, сот адилеттигин жүзөгө ашыруу маселелеринде коопсуздук тармагынын ачык-айкындык жана отчёттуулук деңгээли жогорулатылган.
Иштөө каадалары:
- Ар тараптык мамиле кылуу;
- Коомдун таламдарына сергек мамиле жасоо;
- Илимий жактан негизделген мамиле кылуу;
- Ыктыярдуу катышуу;
- Ачыктык, ачык-айкындык;
- Мамлекет менен өнөктөш болуу;
- Аймактык жана эл аралык өнөктөштүк.
1.Инсандын эркиндигине жана жеке кол тийбестигине болгон укуктары маселелеринде кылмыш-жазык мыйзамдарын жана укук колдонуу тажрыйбасын талдоо
2.Мамлекеттик эмес медициналык экспертизаны алга сүрөө
3.Укук коргоо органдарынын адам ресурстарынын жөндөмдөрүн жана керектөөлөрүн окуп үйрөнүү
4.Кылмыш-жазык жараянында аялдардын укуктарын илгерилетүү
5.Укуктук агартуу жана стратегиялык соттук талаш-тартыштар
6.Адам укуктарын коргоонун эл аралык жолдору
ИШМЕРДYYЛYК
МYЧОЛОР
«Стратегиялык соттук талаш-тартыштар борбору» :коомдук кору 2022-жылы адам укуктарын стратегиялык соттук талаш-тартыштар аркылуу илгерилетүү максатында негизделген. Бул кор сот жараяндарын пайдаланып, адамдын негизги укуктарын жана эркиндиктерин бузган мыйзамдарды жана укук колдонуу тажрыйбасын өзгөртүүнү тездетүү үчүн адам укуктарын улуттук деңгээлде алга сүрөөгө умтулат. .
Сардорбек АБДУХАЛИЛОВ : «Стратегиялык соттук талаш-тартыштар борбору» коомдук корунун жетекчиси, 17 жылдык юридикалык тажрыйбасы бар жактоочу.
АБДУХАЛИЛОВ Сардорбек
«Стратегиялык соттук талаш-тартыштар борбору»
Сания ТОКТОГАЗИЕВА: Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин адам укуктары боюнча программасынын доценти жана тескөөчүсү болуп келет. Ал адистешкен негизги багыттар – Кыргыз Республикасындагы жана Борбордук Азия мамлекеттериндеги конституциялык укук, салыштырмалуу конституциялык укук, адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык укук, эл аралык кылмыш-жазык укугу, демократиялаштыруу, укук үстөмдүгү жана конституциялуулук маселелери.
Сания салыштырмалуу конституциялык укук чөйрөсүндөгү Борбордук Европа университетинин (CEU) SJD (юридикалык илимдер доктору) артыкчылыктуу даражасына (2019), адам укуктары жаатындагы Борбордук Европа университетинин (CEU) укук магистри (2012) даражасына ээ, ал Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин эл аралык укук чөйрөсүндөгү укук бакалавры (2011).
Сания Академиялык стипендиялар программасынын (OSF) мүчөсү жана Норвегиянын Тышкы иштер министрлиги колдогон «Пил сөөгү мунарасы» изилдөө грантынын алуучусу. Сания Демократия жана шайлоо өткөрүүгө жардам берүү эл аралык институту (International IDEA, Швеция), NDI, IMO, ЕККУ сыяктуу эл аралык, аймактык жана жергиликтүү уюмдарда кыска мөөнөттүк кеңешчи же атайын чакырылган эксперт катары, ошондой эле Борбордук Европа университетинде окутуучу жана окутуучунун ассистенти катары (2014-2019-жж.) чоң тажрыйбага ээ.
Сания – жарандык жигердиги үчүн ыйгарылган Салижан Жигитовдун элесине арналган «Улут сыймыгы» (2020), Кыргызстанда мыйзамдуулукту өнүктүрүүгө кошкон олуттуу жарандык салымы үчүн «Жаран» (2021) сыйлыктарынын ээси. Сания ошондой эле окутуудагы көрүнүктүү жетишкендиктери жана Борбордук Азиядагы Америкалык университетти өнүктүрүүгө жана байытууга берилгендиги үчүн 2018-жылы «БААУ мыкты окутуучусу» сыйлыгына ээ болгон.
«Биринчи адвокаттык кеңсе» адвокаттар коллегиясы юстиция органдарында өз ишмердигин 2016-жылдын 19-декабрынан бери жүргүзүп келет жана мыйзам тарабынан бекитилген тартипте адвокаттык ишмердиги менен алектенүүгө лицензия алган жана Адвокатуранын мүчөлөрү болгон Кыргыз Республикасынын жарандарын бириктирет. Коллегиянын негизги ишмердиги – жеке жактарга жана юридикалык тараптарга, мамлекеттик мекемелерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарга жана ишеним көрсөтүүчүлөргө алардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана камсыздоо, ошондой эле алар үчүн сот адилеттигин кол жетээрлик кылуу максаттарында тажрыйбалуу юридикалык жардам көрсөтүү болуп саналат.
ТОКТОГАЗИЕВА Сания
Доцент
Алмаз ЭСЕНГЕЛДИЕВ: юрист, адам укуктары жаатындагы тренер жана эксперт; мыйзамдарды кайра карап чыгуу, мыйзамдарды колдонуудагы Конституцияга ылайык келтирүү боюнча жумушчу топтун катышуучусу; адам укуктары боюнча ар түрдүү байкоо жүргүзүү иш-чараларынын катышуучусу; «Голос свободы» («Эркиндик үнү») гезитинин мурдагы редактору. Азыркы учурда Жогорку Кеңешке жана парламент депутаттарына жарандар менен уюмдардын кол жетиштигине байкоо жүргүзүү долбооруна катышып жатат.
ЭСЕНГЕЛДИЕВ Алмаз
Юрист жана эксперт
«Коомдук талдоо институту»: » коомдук бирикмеси жарандык коомдун орношу маселелеринин кең алкагы боюнча изилдөөчүлүк, эксперттик-талдоочулук ишмердик жүргүзүп келет, коомдук турмуштун ар түрдүү көйгөйлөрү боюнча демилге көтөрүп, демократиялык институттардын ишмердигин, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жолдорун өнүктүрүү жана өркүндөтүү маселелерине тийиштүү мамлекеттик жана муниципиялык бийлик жана башкаруу органдарына сунуштарды киргизет. Уюм ошондой эле сот тажрыйбасына байкоо жүргүзүп, судьяларды тандоо жараянына көз салат, сот адилеттигине жетишүү максатында судьялардын көз каранды эместигин кепил кылуу жана адам укуктарын натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн нормалоочу-укуктук актыларга түзөтүүлөрдү киргизүүнү алга сүрөйт.
Айсулуу АЙТБАЕВА : «Коомдук талдоо институту» коомдук бирикмесинин жетекчиси.
АЙТБАЕВА Айсулуу
«Коомдук талдоо институту»
Аида Алымбаева: талдоочу эксперт, Борбордук Азиядагы эл аралык университеттин улук окутуучусу, изилдөөчүлүк бай тажрыйбага ээ. Анын илимий кызыкчылыктарына коопсуздук чөйрөсүн демократиялык башкаруу, жарандык коом, саясий институттар жана жараяндар сыяктуу маселелер кирет. Аида АКШдагы Рочестер технологиялык институтун (Rochester Institute of Technology) бүтүрүп, ал жерде мамлекеттик саясат чөйрөсүндө магистр даражасына ээ болгон. АКШ Мамлекеттик департаментинин Эдмунд Маски/Эркиндикти колдоо акты (FREEDOM Support Act Fellowship) программасынын бүтүрүүчүсү болуп саналат. Алты жыл бою (2005-2011) Борбордук Азиядагы Америка университетинин алдындагы Социалдык изилдөөлөр борборун жетектеген, Коопсуздук тармагын демократиялык башкаруу боюнча Женевадагы борбордун, ЕККУ, ЮСАИД, Slovak Aid жана көптөгөн башка эл аралык уюмдардын кеңешчиси болуп иштеген.
АЛЫМБАЕВА Аида
Талдоочу эксперт
Тынчтык Асанов: «Кумарданууга каршы Борбордук Азия альянсы» жана «Психикалык ден соолук жана коом» аттуу коомдук корлорунун тең уюштуруучусу, психиатр дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты, «Альтер-Эго» реабилитациялык борборунун жетекчиси, соттук психиатрия боюнча эркин адис. 1999-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин башкы психиатры жана наркологу, 2005-2011-жылдарда Борбордук Азияда баңги заттарды колдонууга байкоо жүргүзүү маселелери боюнча аймактык эксперт болгон. Ар кайсы мезгилдерде «Ачык коом институтунун» (Нью-Йорк) жана «Сорос-Кыргызстан» корунун эксперти болгон.
«Кумарданууга каршы Борбордук Азия альянсы» коомдук кору 2005-жылы негизделген. Анын негизги ишмердиги катары окутуу программаларды жүзөгө ашыруу жана медициналык-социалдык багыттагы маселелер боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү болуп саналат. ККБАА кыйноолордон жана катаал мамиледен жабырлангандарга медициналык-психологиялык жана социалдык жардам көрсөткөн «Альтер-Эго» реабилитациялык борбордун тең уюштуруучусу болуп саналат.
АСАНОВ Тынчтык
«Кумарданууга каршы Борбордук Азия альянсы»
Азизбек Ашуров : юрист, «Чек арасыз Фергана өрөөнүнүн юристтери» коомдук корунун директору, Жарансыздык боюнча Борбордук Азия тармагынын тескөөчүсү, бир катар талдоо басылмаларынын жана докладдардын автору, медиатор, Медиаторлордун республикалык коомдоштугунун адеп-ахлак боюнча комитетинин мүчөсү. 2019-жылы жарандыгы жок миңдеген кишилерди коргоо жана жардам берүү ишине кебелбей берилгендиги жана жарансыздыкты жоюуга көрүнүктүү салым кошкондугу үчүн Нансен сыйлыгына татыктуу болгон. Нансен сыйлыгы – БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын укук коргоочулар үчүн жыл сайынкы сыйлыгы. Нансен сыйлыгы качкындардын жана жарандыгы жоктордун укуктарын коргоо жаатында эмгеги сиңиргендерге ыйгарылат. Сыйлык Норвегиянын арктикалык изилдөөчүсү, качкындардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көрүнүктүү ишмер, Улуттар Лигасынын Качкындар боюнча жогорку комиссары, Нобелдин тынчтык жаатындагы сыйлыгынын ээси Фритьоф Нансендин урматына аталган. Сыйлык 1954-жылы негизделген. Ошондо эле сыйлыкка татыктуу талапкерлерди тандай турган комитет да түзүлгөн. Нансен сыйлыгы 1954-жылдан тартып ыйгарылып келет, ошол жылы Элеонора Рузвелт анын биринчи ээси болгон да, ал эми мурдагы советтик өлкөлөрдүн мейкиндигинде «Мемориал» коому бул сыйлыктын биринчи ээси болуп калган. «Чек арасыз Фергана өрөөнүнүн юристтери» коомдук кору 2003-жылы Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан юристтери тарабынан Фергана өрөөнүнүн өлкөлөрүнүн кесипкөй юристтеринин иш-аракеттерин бириктирүү максатында адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, адам укуктары концепциясын илгерилетүү, ошондой эле демократияны жана укуктук мамлекетти өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү үчүн түзүлгөн. Бул бирикме юридикалык жамааттын өкүлдөрүн адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндө сапаттуу жана кол жетээрлик юридикалык жардам берүүнү өнүктүрүүгө жигердүү тартып келет. Бирикме соңку 10 жылда укук субъекттүүлүгүнө карата адам укуктары маселелерине өзгөчө көңүл бурат да, бул багытта жарансыздыкты кыскартуу жана баш панек алуу укугун жүзөгө ашыруу жаатында көп жылдык ийгиликтүү тажрыйбага ээ. Уюм 2016-жылдын июнунда негизделген жана Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын коомдук, академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрүн жана журналисттерин камтыган Жарансыздык боюнча Борбордук Азия тармагынын тең уюштуруучусу жана тескөөчүсү болуп саналат. Уюм 2014-жылдан тартып анын укуктук программаларынын алкагында юридикалык жардам алган жана 2019-жылдын аягында 10828 кишини түзгөн маалымат тизмесин алып барат.
АШУРОВ Азизбек
«Чек арасыз Фергана өрөөнүнүн юристтери»
Разак Ашымбаев: адвокат, «Биринчи адвокаттык кеңсе» адвокаттар коллегиясынын төрагасы. 1995-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын прокуратурасында Чүй областындагы райондун прокурорунун жардамчысынын, ага жардамчысынын, областтык прокуратуранын бөлүмүнүн прокурору кызматтарын ээлеген; 2000-2001-жылдары «Кыргызгазмунайзат» мамлекеттик акционердик компаниясында юрист болуп иштеген; 2001-2003-жылдары «Каунтерпарт Консорциум» эл аралык уюмунда укуктук кеңешчи/жарандык боюнча тескөөчү/адвокация боюнча тескөөчү болгон; 2004-2007-жылдарда Жарандык коомду колдоо борборлорунун бирикмесинде (USAID уюмунун түздөн-түз контрактчысы) программалардын башкаруучусу/адвокация боюнча программалык башкаруучу/укук маселелери боюнча кеңешчи болуп эмгектенген; 2007-2018-жылдары адвокат болуп, «Legal Service» («Легал Сервис» - «Укуктук кызмат») юридикалык компаниясында директор кызматын ээлеген; 2018-2019-жылдарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Сот өкүлчүлүгүнүн борборунда жетекчи кызматты ээлеп келген. «Голос свободы» («Эркиндик үнү») коомдук кору 2005-жылы негизделген. Кордун негизги ишмердиги - Кыргыз Республикасында жергиликтүү жана улуттук деңгээлдерде чечүүчү жарандык жана саясий укуктарды коргоо жана алга сүрөө болуп саналат. Коомдук кор кылмыш-жазык жараяндын алкагында адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо; кыйноолордон эркин болууну илгерилетүү; эркинен ажыратуу жана чектөө жайларында байкоо жүргүзүү; кыйноолордон жана катаал мамиледен жабырланган тараптарга юридикалык колдоо көрсөтүү; «Альтер-Эго» реабилитациялык борбордун алкагында кыйноолордон жапа чеккендерге психологиялык жактан жардам берүү жана коом турмушуна кошуу чөйрөлөрүндө жигердүү ишмердик жүргүзүп келет. Анын ишмердигинде мыйзамдарды жана укук колдонуу тажрыйбасын талдоо; талдоо жүргүзүү жана изилдөөлөрдү өткөрүү; мамлекеттик мекемелер жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу аянтчаларын түзүү; калкты, анын ичинде жаштарды, кабардар кылуу жана өз ара иш-аракет жүргүзүү тармактарын уюштуруу ыкмалары колдонулат. Бул уюм ошондой эле улуттук мыйзамдар менен укук коргоо органдардын күнүмдүк иш тажрыйбасына жаңы эрежелерди жана каадаларды киргизүүгө өбөлгө түзөт.
АШИМБАЕВ Разак
«Биринчи адвокаттык кеңсе»
Сардар Багышбеков: Кордун башкармасынын төрагасы, юрист, 2002-жылы «Адилет» укуктук клиникасынын юристи, 2003-2007жылдары «Freedom House»«» («Эркиндик үйү») программасынын ага кеңешчиси болуп иштеген, 2007-жылдан 2019-жылга чейин «Кыргызстанда кыйноолорго каршы коалиция» бейформал тармагынын жетекчиси болгон. 2003-жылдан бери өлкөнүн коомдук турмушуна жигердүү катышып келет, аталган кезден тартып ар кайсы жылдарда - «Сорос-Кыргызстан» корунун эксперти; Укук коргоочулар кеңешинин мүчөсү; Жарандык көзөмөл комитетинин мүчөсү; катарынан эки мөөнөт бою Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин алдындагы Коомдук байкоо кеңешинин жана Коомдук кеңешинин жооптуу катчысы; Кыргыз Республикасында кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун Тескөө кеңешинин мүчөсү болуп келген.
БАГИШБЕКОВ Сардар
«Голос Свободы»
«Демократиялык жараяндарды изилдөө борбору» коомдук кору: 2002-жылы негизделген. Кордун ишмердигинин негизги багыттары изилдөөлөрдү өткөрүү, аялдарды жана кыздарды кемсинтүүнүн бардык түрлөрүнөн коргоо, демократиялык институттарды өнүктүрүүнү колдоо үчүн эл аралык тажрыйбаны илгерилетүү, улуттук мыйзамдарды жалпыга бирдей эл аралык эрежелердин негизинде өркүндөтүү болуп саналат. Ушул кор гендердик жана үй-бүлөлүк кылмыштар менен жоруктардын алдын алуу, токтотуу жана тергөө маселелери боюнча укук коргоо жана сот органдары менен жигердүү кызматташат. Кордун ишмердиги жөнүндө уюмдун http:|//crdp.asia Интернет-сайтынан толугураак маалымат алсаңыз болот.
Лариса ИЛИБЕЗОВА : социолог, гендердик эксперт, кордун башкармалыгынын төрайымы.
ИЛИБЕЗОВА Лариса
«Демократиялык жараяндарды изилдөө борбору»
«Юристтер адам укуктары үчүн» коомдук кору: 2016-жылы Кыргызстанда адамдын жарандык жана саясий укуктарын алга сүрөө максатында түзүлгөн, алардын ичинде – баңги заттарды пайдалангандарга мамлекет тарабынан кепил кылынган иш-чаралар аркылуу юридикалык жардам берүү тажрыйбасын илгерилетүү, баңги заттар чөйрөсүндө акыл-эстүү саясатты жылдыруу жана зыянды төмөндөтүү жаатында мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча мамлекеттик органдар менен кызматташуу, ошондой эле кызмат ээлери тарабынан зордук-зомбулукка чалдыккандарга юридикалык колдоо көрсөтүү.
Асель КОЙЛУБАЕВА: Кордун төрайымы, 2003-жылдан бери адвокат, 2015-жылы «Кыйноолорго каршы коалиция» бейформал тармагынын төрайымы, 2016-жылы Кыйноолорго каршы улуттук борборунун төрагасынын орун басары, «Голос свободы» («Эркиндик үнү») коомдук корунун укуктук жана байкоо жүргүзүү программаларын жетектеген.
КОЙЛУБАЕВА Асель
«Юристтер адам укуктары үчүн»
«Психикалык ден соолук жана коом» аттуу коомдук кор: 2000-жылы Кыргыз Республикасында психикалык саламаттыкты коргоо кызматын кайра түзүүгө колдоо көрсөтүү максатында түзүлгөн. Ушул уюм жабык психиатриялык мекемелер жергиликтүү жамааттардагы жардам берүү кызматтарына алмаштырылсын, руханий оорулуу кишилерге жардам берүү алардын ар-намысы менен кадыр-баркын урматтоо каадаларына негизделсин, ошондой эле ал иш-чараларды каржылоо психиатриялык кызмат көрсөтүүлөрдүн пайдалануучуларынын муктаждыктарын эске алуу менен жүргүзүлсүн деген сунушту алга сүрөп келет. Мындан тышкары, бул уюм мамлекетти ак ниеттүү башкаруу жана ал милдеттүү түрдө коомго маалымат бериши керек деген каадаларга адистешкен.
Бурул МАКЕНБАЕВА: дарыгер, жарандык активист, блогер, ак ниеттүү башкаруу маселелери боюнча улуттук эксперт, 2010-жылдагы Конституциялык кеңешменин мүчөсү, Укук коргоочулар кеңешинин мүчөсү, Жарандык көзөмөл комитетинин мүчөсү, 2016-жылдагы Кыйноолорго каршы коалициянын мүчөсү.
МАКЕНБАЕВА Бурул
«Психикалык ден соолук жана коом»
Хусанбай Салиев: адвокат, «Бир Дуйно-Кыргызстан» укук коргоо кыймылынын Оштогу кеңсесинин тескөөчүсү, «ЮгПрофи» адвокаттар коллегиясынын башчысы, кыйноолордон жабырлангандарга, «диний экстремизм үчүн» деген айыптоо боюнча негизсиз кылмыш-жазык куугунтукка алынгандарга, мыйзамсыз кармалгандарга ж.б.у.с. жардам берет. Өз ишинде ал эл аралык укук коргоо уюмдары менен жигердүү кызматташып, адам укуктарын коргоо жана алга сүрөө боюнча долбоорлорду биргелешип жүзөгө ашырып келет.
САЛИЕВ Хусанбай
Адвокат
«Коомдук кызыкчылыктарды коргоо борбору»: 2016-жылы ачык жарандык коомду чыңдоого колдоо көрсөтүү жана укуктук мамлекеттин каадаларын алга сүрөө максатында түзүлгөн. Кордун ишмердигинин багыттарынын бири – стратегиялык соттук талаш-тартыштарга байкоо жүргүзүү жана мыйзамдарды/укук колдоо тажрыйбасын талдоо аркылуу кылмыш-жазык жараянда негизги жарандык адам укуктарын коргоо болуп саналат. Бул уюм ошондой эле аялдарды колго түшүрүү, сотко чейинки текшерүү, камакта күтүү, күзөттөп жүрүү жараяндарында аларды кемсинтүүнү жоюу маселесинде коргоонун эл аралык жолдорун пайдалануу (БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши жана БУУнун Адам укуктары боюнча комитети ж.б.) тажрыйбасын илгерилетет
Айдар СЫДЫКОВ: Кордун төрагасы, адвокат, Кыргыз Республикасында кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун Тескөө кеңешинин төрагасы, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин эксперттер тизмесине киргизилген, «Ачык өкмөт» (OGP) форумунун, Улутчулдукка, расизмге, фашизмге каршы Европадагы тармактын, ошондой эле Мигранттарды, качкындарды жана азчылыктарды колдоо боюнча «UNITED» уюмунун мүчөсү.
СЫДЫКОВ Айдар
"Коомдук кызыкчылыкты коргоо борбору"
«“Прецедент” өнөктөштөр тобу» коомдук кору: 2010-жылы түзүлгөн бейөкмөт, коммерциялык эмес уюм. Анын негизги максаты Кыргызстанда демократияны жана мыйзамдын үстөмдүгүн өнүктүрүү болуп саналат. Уюмдун алдындагы маселелер: адам укуктарын коргоо жаатында маалыматтык чөйрөнү өнүктүрүү; Кыргызстандын калкынын аң-сезимин жана укуктук маданиятын жогорулатуу; республикалык жана жергиликтүү деңгээлдерде бүжеттик жараяндарга жарандардын катышуусун күчөтүү; мыйзам долбоорлоруна карата көз каранды эмес экспертиза, мамлекеттин стратегиясы жана саясаты жаатында изилдөөлөрдү өткөрүү. Ушул уюм «Прогрессивдүү юристтердин жана бүтүрүүчүлөрдүн “Прецедент” мектеби» долбоорун жүзөгө ашырып келет, ошондой эле укуктар менен эркиндиктерди мамлекеттик бийликтин кол салуусунан коргоо боюнча укуктук көндүмдөрдү таратып, жарандарды мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу жараянына катыштырат.
Нурбек ТОКТАКУНОВ : «“Прецедент” өнөктөштөр тобу»нун тең уюштуруучусу, 2011-жылдан бери кесиптик тажрыйбага ээ болгон адвокат, блогер, 2010-жылдагы Конституциялык кеңешменин мүчөсү, «Эл аралык бүжеттик өнөктөштүк» уюмунун улуттук изилдөөчүсү, маалыматка жетишүү маселелери боюнча эксперт (сот тажрыйбасы жана БУУ Адам укуктары боюнча комитетинин чечими аркылуу маалыматты мамлекеттик органдардан талап кылып алуу тартибин өзгөрткөн), БУУ Адам укуктары боюнча комитетине жиберилген даттануулардын автору, «Ачык өкмөт» (OGP) форумунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына жолдонгон көптөгөн кайрылуулардын, агартуу мүнөздөгү жарыялоолордун ээси, Прогрессивдүү юристтердин «Прецедент» мектебинин негиздөөчүсү, сценарист, режиссёр.